Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Менчиктештирүүнүн 2004-2006-жылдагы программасы кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилиги менен өкмөттүн жыйыны өтүп, анда «Мамлекеттин карамагындагы имараттарды менчиктештирүүнүн 2004-2006-жылдардагы программасы» кабыл алынды. Программа 10 бөлүктөн турат. Анда алдыдагы 2 жылда объекттерди менчиктөөнүн мүмкүнчүлүктөрү, шарттары, өзгөчөлүктөрү жана баалоо маселелери камтылды. Программага ылайык өлкөдөгү кинотеатрлар менчиктелиши керек. Ал эми саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарына таандык айрым объектилерди менчиктештирүүгө байланышкан маселе кийинки жыйында талкууланат. Программаны вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башчылык кылган жумушчу топ иштеп чыкты. Эми программа Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталмакчы.

XS
SM
MD
LG