Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Өкмөт башчы менен ишкана жетекчиси насыя акча боюнча ар кандай пикирде


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт башчы Николай Танаев маалымат жыйынын өткөрдү. Премьер-министр чындыгында эле «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» акционердик коомунан 102 миң долларды мыйзамды бузбай туруп, кредит катары алганын жана аны 5 айдын ичинде 5% үстөгү менен кайтарып бергендигин маалымдады.
«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» акционердик коомунун жетекчиси Бакирдин Сартказиев да бүгүн билдирүү таратып, Николай Танаев чындыгында эле 2003-жылдын 4-январында 102 миң долларды үстөгү жок насыя алып, 5-ноябрда кайтарып бергендигин маалымдады. Ошентип, Н. Танаев менен Б. Сартказиевдин маалыматтарынан эки айырма байкалды. Акча - үстөгү менен алынганбы же жокпу деген биринчи суроого жооптор ар башка. Экинчиден, акча 5 айда кайтарылып берилгенби же 10 айдыбы?

XS
SM
MD
LG