Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын төрагасы Бишкекке келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга эки күндүк иш сапар менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Санжбегзийин Тумур Очир келди. Ушул эле күнү Монголия парламентинин төрагасы жетектеген делегацияны Жогорку Кеңештин кош палаталарынын төрагалары Алтай Бөрүбаев жана Абдыганы Эркебаев кабыл алышты. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө парламент аралык туруктуу иштей турган топ түзүү маселеси талкууланды. Ушул эле күнү Монголия парламентинин төрагасын премьер-министр Николай Танаев кабыл алды. Эки өлкөнүн кызматташтыгын аныктаган келишимдер буга чейин Президент А. Акаевдин Монголияга жана Монголия президенти Н. Багабандинин Кыргызстанга жасаган сапарларынын учурунда кабыл алынган. Эки өлкөнүн товар жүгүртүү өлчөмү өткөн жылы 1,2 млн. долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG