Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Израиль аскерлери Газа тилкесинде жардыргыч алып бараткан палестинди атып өлтүрүштү


Тилкедеги жөөт маалесинин дарбазасынан 100 метрдей жерде тосмону көздөй сойлоп бараткан жеринен атып өлтүрүлгөн кишинин денеси бир нече сааттан кийин табылды. Палестин булактарынын Ройтерс агенттигине билдиргенине караганда, бул киши Ганей Тал маалесине кол салууну пландаган «Исламдык Жихад» уюмунун мүчөсү болгон.
Апта башында Израилдин аскерлери Газадагы качкындар лагерине кол салганда, тогуз палестин окко учуп, 40 киши жараат алган эле. Израилдин ырастоосунда, анын аскерлери Египеттен курал алып келүүчү жер алдындагы өткөөлдү жок кылуу максатында лагерге кол салган.

XS
SM
MD
LG