Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Грузиянын убактылуу президенти Маскөөдө президент Путин менен жолукту


Нино Буржанадзенин визити кечээ башталды. Ал Маскөөдө тышкы иштер министри Игорь Иванов менен жолугушуп, бир катар аймактык маселелерди талкуулашты. Путин менен сүйлөшүүдө Буржанадзе буларды билдирди:
- Путин менен бул жолугушуу жана силердин Грузиянын мындан аркы жетекчилери менен кездешүүлөр биздин өлкөлөрдүн ортосунда топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардамдаш болот, грузин жана орус элдеринин кызыкчылыктарын чагылдырган мамилелердин жаңы баскычы башталат деп абдан үмүттөнөм.
Грузияда президенттик шайлоо 4-январга белгиленген. Путин анын өлкөсү Грузиядагы кырдаалга жакындан байкоо жүргүзүп жатканын бышыктады.

XS
SM
MD
LG