Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Багдад ракетадан аткыланды


Бүгүн эртең мененки чабуулдардын биринде, үйүндө уктап жаткан жеринен бир аял жараат алды. Анын алдында замбиректин огунан «Иштар Шератон» мейманканасынын терезелери талкаланды. Батыштык адистер жана журналисттер турган мейманканада эч ким жапа чеккен жок.
Партизандар Багдад мейманканасына жакын жерден да ракета атышты. Кошмо Штаттары өзүнүн 1-куралдуу дивизиясы турган база бутага алынганын билдирди. Кечээ бир катар бомба жардырууларда алты карапайым киши, үч америкалык көз жумган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG