Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

ПРЕЗИДЕНТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР, КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ИРАНДЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МААНИСИ


Президенттик орунга кимдер талапкер болору эмитеден эле айтылууда. Азырынча эки адамдын - Аскар Акаев менен Феликс Куловдун аты аталды. Мындан тышкары басылмаларда президент А. Акаевдин Иранга иш сапары, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар тереңдеп баратканы чагылдырылууда.

Бейшемби күнкү «МСН» гезити президенттикке талапкерлердин экөөнүн ысымдары эмитеден эле атала баштаганын жазды. Алардын бири «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов. Экинчиси – өлкөнүн президенти Аскар Акаев. «Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясынын» түштүк бөлүмүнүн демилгечилери президенттин ыйгарым укук мөөнөтүн узартуу демилгесин көтөрүп, А. Акаевге дагы бир мөөнөт иштеп берүү өтүнүчүн жолдошкон.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин насыя акчасынын айланысында да макалалар арбын.

- Энергетиктердин эсебинен 102 миң доллар насыя акча алган өкмөт башчы Н. Танаев Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешин жетектейт. Эми андан насыя акчанын чоо-жайын суроонун кезеги келди, - деп жазат «Демократ» гезитинде Эдил Байсалов.

Бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин маеги жарыяланды. Спикердин айтымында, бюджет түзүүнүн жолдорун өзгөртүү зарыл. «Өкмөт айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө кошумча нарк салыгын салгандан кийин бюджетке 250 млн. сом келип түшөрү болжолдонгон,- дейт А.Бөрүбаев. – Бирок, иш жүзүндө 21 млн. сом гана чогултулду». Спикер парламент депутаттарынын жаңы демилгесин, Конституцияга өзгөртүү киргизип, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү тууралуу сунушун колдобой тургандыгын билдирген. Анын ою боюнча, саясий конъюнктуранын кызыкчылыгы үчүн эле Конституцияны өзгөртө берүү жарабайт.

Мамлекеттик тил тууралуу 25-декабрдагы «Трибуна» гезитинде Ырысбек Өмүрзаковдун макаласы жарыяланды. «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынса эле майкөл-сүткөл орноп калбайт,- деп жазат макала автору.- Мамлекеттик же ырасмий тилде сүйлөгөн колу туткак чиновниктер уурдаганын токтотуп ийишпейт. Бирок да бийликте отургандар кыргыз тилде сүйлөшсө элетте отурган калк борбордо эмне болуп атканынан жакшы кабардар болуп, бийликтин жасап аткан иштерин билип отурушат эле. Эл менен бийлик бирин-бири жакшы түшүнмөк».

Президент А. Акаевдин Казакстанга ырасмий сапары жакшы башталып, Иранга жасаган визити ийгиликтүү аяктаганын бейшембидеги «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттери жазышты.

«Замандаш» журналынын жаңы санында илимпоз Айылчы Сарыбаевдин «Улуттук экономика челноктордун арты менен» деген макаласы жарык көрдү. Автордун пикиринде, чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык атуулдар кеминде экиден, алды бештен үй-бүлөнү багууда. Журналда энергетика проблемасына арналган материал, Казакстандын тамеки талааларында иштеген кыргыздардын абалын баяндаган Топчугүл Шайдулллаеванын «Шелекке барып челекке түшкөн кыргыздар» деген макаласы жарыяланган.

«Аалам» гезитинин жума күнкү санында жарыяланчу материалдар тууралуу басылманын башкы редакторунун орунбасары Кенжебек Арыкбаев айтып берет:

- «Аалам» гезитинин жаңы санында жыл жыйынтыгына арналган материалдар арбын. Гезиттин саясий рейтингинин жыйынтыгы чыгарылды. 75 саясатчынын рейтинги кандай экенин баяндадык. Гезитте «Пардон, кошоматчылык жыттанабы?» деген сын макала да жарыяланат. Тышкы саясат боюнча биртоп материалдар, Орусия, Грузиядагы саясий окуяларды талдоого алган макалалар да бар.

Кеп кезеги «Агым» гезитинин жооптуу катчысы Төлөгөн Карыкеевде:

- «Агым» гезитинин жума күнкү санында Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнү» жарыяланууда. Көлдөгү кабарчыбыз Баратбай Аракеевдин облустун жаңы губернатору Токон Шайлиева менен маеги, Мамат Сабыровдун Каракече көмүр кениндеги көйгөйлөр тууралуу макаласы басууга даярдалууда. Жолдошбек Зарлыкбековдун жылдын урунттуу саясий окуялары, саясатчылары тууралуу аналитикалык материалы, кыргыз тилинин көйгөйлөрүн козгогон Айзада Абазованын топтому жарыяланууда. Кабарчыбыз Жеңиш Эдигеев жакында Иранга барып келген. Ал жердеги күрөш тууралуу кызыктуу очерк жаза келиптир. Ошол очерк гезитибиздин жаңы санында жарыяланат.
XS
SM
MD
LG