Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

АКШдагы уйдун кутурма дартын британдык адистер тастыктады


Вашингтон. Британиянын адистери АКШда биринчи жолу уйдун кутурма дарты катталганын тастыктады. Учурда америкадагы мал ылаңынын себептерин изилдеген Британиядагы лаборотория изилдөө ишин токтотпойт, деп билдирди АКШнын айыл чарба министрлиги. Британия 1980-жылдан бери уйдун кутурма дарты боюнча излдөөлөрдү жүргүзүп келатат. Окумуштуулардын айтымында ылаңдаган малдын этин жеген адам ооруга чалдыгат.
АКШда уйдун кутурма дарты табылды деген маалыматтан кийин, соода-сатык кызматташтыгындагы 20га жакын мамлекет америкадан кара малдын этин сатып алуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG