Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Тель-Авивдеги жардыруудан адам өмүрү кыйылды


Израил. Кечээ кечинде Тель-Авивдин бир автобус аялдамасындагы жардыруудан 3 адам курман болуп, 10дон ашуун адам жараат алды. Бомба автобус аялдамасында киши көп кезде жарылган. Бийликтегилердин эсебинде, жардырууну жанкечти террорист ишке ашырган. Тель-Авивдеги террордук аракеттин жоопкерчилигин “Палестинаны бошотуунун элдик фронту” уюму өзүнө алып, дагы жаңы террордук аракеттер менен опузалады. Буга жооп иретинде Израилдин бийлиги палестин аймактарын толугу менен тосуп салды. Ошол эле учурда Газа секторунда “Исламдык жихад” аттуу экстремисттик топтун жетекчилеринин бири Мухлид Хамид түшүп бараткан машина израилдик вертолет учурган ракета менен жок кылынган. Хамид менен кошо 4 киши каза таап, 12 палестин жарадар болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG