Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

МАРСКА ЖИБЕРИЛГЕН ЕВРОПАЛЫК АППАРАТ КЫЗЫЛ ПЛАНЕТАГА ЖЕТКЕН-ЖЕТПЕГЕНИ БЕЛГИСИЗ


Нарын АЙЫП, Прага Марс планетасын айланган "Марс-экспресс" аттуу кемеден 19-декабрда бөлүнүп, 25-декабрда Кызыл планетага конушу белгиленген "Бигл-2" аттуу аппарат белгиленген убакта радио сигнал берген жок. Аны учурган Европалык космос агенттигинин адистеринин айтымында, "Бигл-2" ишке дагы киришээринен үмүт үзүү азырынча эрте.

Космосту изилдөө боюнча азыр дүйнөдө биринчи орунда АКШ менен Орусия болгону менен, Европа мамлекеттери да биригип, өз алдынча космос агенттигин түзгөн жана анын борбору Алманиянын Дармштадт шаарында жайгашат. Орус окумуштуулары менен биригип, агенттик үстүбүздөгү жылдын июнунда Казакстандын Байкоңур космодромунан "Марс-экспресс" аттуу космос кемесин учурган жана ал алты айга уланган сапардан кийин Марс планетасына жетип, аны айлана баштады.

Кеме кеминде эки жыл иштеш керек жана анын негизги максаты - Марста бир кезде болгон же азыр өмүр сүргөн тиричиликтин изин табуу. Ал үчүн "Марс-экспресс" күчтүү радар менен Марстын төрт-беш чакырымга чейин тереңдигин изилдеп, ал жерде суунун бар же жок экени тууралуу суроого жооп берүүгө тийиш. Азыр кеме Марсты он күндө бир айланып, анын үстүнөн бир топ алыс учууда - эң алыс кеткенде 190 миң, эң жакындаганда Марстын үстүнөн 11 миң чакырым алыстыкта учат. Кийинчерээк кемени 250 чакырым алыстыкта айлантуу пландаштырылган.

19-декабрда кемеден бөлүнүп, Марсты көздөй жөнөгөн "Бигл-2" деген аппараттын иши болсо долбоордун негизги максатына кирбейт, аны жөн гана британиялык бир нече университеттин окумуштуулары өз ыктыяры менен даярдап, кемеге кошкон. Аспаптын чоңдугу бир метрдей, салмагы 60 килограммга жетет, Марска ал парашют менен түшкөн жана планетанын бетине тийгенде сынып кетпес үчүн, газ менен толтурулган мүшөктөр менен курчалган. Кийин ал мүшөктөр өздөрү бөлүнүп, аспап ишке киришмек.

"Бигл-2" жолдо 6 күн болду жана 25-декабрда таң эрте менен Марска конмок, бирок белгиленген убакта радио сигнал берген жок. Азыр аны "Марс-экпресстен" тышкары, планетаны көптөн бери айланып учуп жүргөн америкалык "Одиссей" аттуу кеме да издеп жатат жана андан тышкары Британия менен АКШнын күчтүү телескоптору да ишке киришкен, бирок анын изи азырынча табыла элек жана "Бигл-2" аман экени белгисиз.

Парашюттун жиптери чырмашып калган болсо, аппараттын ылдамдыгы басаңдабай, Марска жакындаганда ал атмосферада күйүп кетиши да мүмкүн, планетага конгондо ал бир чуңкур-жаракага кирип, же тескерисинче, бир учтуу ташка тийип сынып калышы да ыктымал. Франциялык окумуштуу Фрэнсис Рокардын айтымында, конуп баратканда аппарат өтө ысып кеткендиктен, анын радиостанциясы азырынча иштебей жатышы мүмкүн жана эки-үч күндөн кийин алар сууганда аспаптар калыбына келет деп күтсө болот.

Дармштадттагы агенттиктин бул долбоор боюнча башкы илимпозу Колин Пиллингердин айтымында, "Бигл-экиден" үмүт үзүү азырынча эрте:
"«Марс-экспресс» кемеси Жерди көздөй эмдиги жолу 4-январда бурулат жана ага чейин биз «Бигл-2» менен өз алдыбызча байланыш түзүүгө аракеттерибизди уланта беребиз".

Буга чейин Марс планетасына 34 спутник учурулган, бирок алардын төртөө гана Марстын бетине салыштырмалуу ийгиликтүү конгон. 1960-жылы СССРден Марска учурулган биринчи спутниктин ракетасы жарылып кеткен. 1971-жылы СССРден учурулган "Марс-3" аттуу спутник планетага конгон, бирок 20 секунддан кийин анын радиосигналдары токтоп калган. 1976-жылы Марска "Викинг-1" жана "Викинг-2" аттуу америкалык спутниктер конгон жана алар Жерге 100 миңге жакын сүрөт жиберген. 1997-жылы Марска дагы бир америкалык аппарат - "Пэтфайндер" конгон.
XS
SM
MD
LG