Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Таласта 70 млн. сом «жел акча» аныкталды


ТАЛАС. Таласта калктын электр энергиясы үчүн карызы катары эсептелип келген 70 млн. сом «жел акча» аныкталды. Бул туурасында «Түндүкэлектр» акционердик коомунун Талас филиалынын деректири Руслан Имангаджаев облусттук мамлекеттик администрациянын коллегиясында ырасмий билдирди. Бирок облустун губернатору Искендер Айдаралиев 70 млн. сомдун баары эле «жел акча» дегенге кошулбасын билдирди. Облустун губернаторунун пикири боюнча азыркы учурда элдин көбү электр энергиясын уурдап, тиричилик жасайт. Губернатор ошого байланыштуу «уурдалган электр энергиясын кескин азайтууга аракет жасагыла» деп катуу көрсөтмө берди. Искендер Айдаралиевдин сунушу менен ар бир райондо бирден айылга трансформатор подстанциялары сыноо катары бекитилип бериле баштады. Эми пайдаланылган электр энергияга ар бир айылдын эли өздөрү көзөмөл жасашат.

XS
SM
MD
LG