Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

Үч адам суукка тоңуп өлдү


ОШ. Кыргызстандан Тажикстандын Хорог багытына кетчү жолдогу Кызыларт тоосунун түбүндө Кыргызстандын бажы жана чегара бекети, ал эми тоонун өрүндө Тажикстандын да бажы жана чегара бекети жайгашкан. Эки өлкөнүн эки бекетинен төрт адам жергиликтүү эки мергенчини кошуп алышып, аркар уулап мергенге чыгышкан. Минип барышкан «УАЗ» автомашинасы күбүргө тыгылып, бир кезде артка жөө кайтышат. Жол тургай багытты боолголош мүмкүн болбой калыптыр. Адам учурган бороондо эки топко бөлүнүп алып кол кармашкан бойдон жол издешет. Үч күндөн кийин бөлүнгөн топтун бириндеги үч адам жолдо тоңуп өлгөндүгү аныкталган. Үчөөнүн бири Кыргызстандын бажы бекетинин, бири Кыргызстандын чегара бекетинин, бири Тажикстандын бажы бекетинин кызматкери. Бул кырсык бажы жана чегара бекеттеринде тартиптин жоктугун көрсөттү дешет адистер. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG