Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Айыл-чарба министри жылдын жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК. Калкты айыл-чарба азыктары менен камсыздоодогу туруктуулук сакталат. Өткөн 11 айдын жыйынтыгы ушундай тыянак чыгарууга негиз берерин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министри Александр Костюк бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Статистикалык маалыматтарга караганда, быйыл дан эгиндеринин дүң жыйымы 1 млн. 875 миң тоннадан ашты. Анын ичинен буудай 1 млн. 194 миңди түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 79 миң тоннага аз. Бирок, бул - дан азыктарынын жана ундун кымбатташына негиз бербейт. Кыргызстан быйыл жылдагыдай эле эки тараптуу макулдашууга ылайык Казакстандан 150-200 миң тонна кошумча эгин алат.
Ошондой эле негизги тармактардын бири болгон спирт өңдүрүшү декабрда 342 млн. сомдук продукция берип, өсүү темпи 7% түздү.

XS
SM
MD
LG