Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Кыргызстандын ички дүң жыйымы 6,5% жогорулады


БИШКЕК. Соңку 11 айда Кыргызстандын ички дүң жыйымы өткөн жылга салыштырганда 6,5% жогорулады. Ошондой эле январь айынан ноябрга чейин өнөр-жайда 46 млрд. 740 млн. 700 миң сомго продукция өндүрүлүп, анын көлөмү өткөн жылга салыштырганда 16% өскөн. Ал эми айыл-чарбасында 52 млрд. сомдук товар өндүрүлгөн. Ошондой эле быйыл Кыргызстандын экономикасына четтен келген инвестициянын өлчөмү өткөн жылга салыштырганда 25% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Ал эми айрым оппозиция өкүлдөрү Кыргызстанда соңку жылдарда элдин жашоосу барган сайын начарлоодо дешет.

XS
SM
MD
LG