Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Парламент эсеп-кысап аппараттары боюнча токтом кабыл алды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү 1 айдын аралыгында эсеп-кысап машиналарын киргизүү тууралуу жобону иштеп чыгып, аны бекитүүгө Жогорку Кеңешке сунуштамай болду. Мындай токтомду бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алды. Ага ылайык өкмөттүн эсеп-кысап машиналарын колдонууга киргизүү тууралуу 2003-жылдын 8-августунда чыгарган токтомунун мындан ары иштеши чектелет. Премьер-министр Николай Танаевдин парламентте билдиргенине караганда, өкмөт менен «Дордой» базарынын ишкерлери эсеп-кысап аппараттарын каалоого жараша пайдалануу боюнча бир пикирге келип, макулдашты. Патенттин баасы 1-январдан баштап кымбаттай турган болду.
Эсеп-кысап машиналарын киргизүү тууралуу өкмөттүн чечими жай айынан бери «Дордой» базарындагы ишкерлердин нааразылыгын жаратып, алардын сунушу боюнча парламенттик угуу өткөн болчу. Депутат Темир Сариевдин маалыматына караганда, өлкөдөгү товар жүгүртүүнүн 76% «Дордой» базарына таандык.

XS
SM
MD
LG