Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ИДЕАЛДАР


«Манас» эпосун бекеринен «талаа энциклопедиясы» деп айтышпайт. Эпосто жалаң эле кыргыздардын эмес, Борбордук Азияны мекендеген калктардын тарыхы, маданияты жана рухий дөөлөттөрү боюнча бай маалыматтар камтылат. «Манастагы» мамлекет түшүнүгү ошол бай казынанын бир бутагы.

Мамлекет туурасында илимде ар кандай көз караштар айтылып жүрөт. Айрым коомдук - саясий ишмерлер, ойчулдар жана илимпоздор мамлекеттин жаралышын жана анын функцияларын башынан эле адам баласы коом үчүн керектүү деп баалашса,экинчи тарап тескерисинче, мамлекет бир таптын экинчи бир тапка болгон эксплуатациялык үстөмдүгүн камсыз кылчу аппарат деп эсептеп келишет.

Арийне, «Манас» эпосунан мамлекеттик түшүнүктү издөө багытында адегенде, кыргыз элинин тарыхый жолу, мамлекет түптөө традициясы дастанда кандайча чагылдырылган жана эпосту баяндаган манасчылардын мамлекет туурасындагы түшүнүгү болгонбу деген олуттуу эки маселени талдоо зарылчылыгын байкайбыз. Биринчи маселе кыргыз эли башынан кечирген объективдүү тарыхый окуяларды кучагына камтыса, ал эми экинчи маселе орошон тарыхый окуялар элдин эс-тутумунда сакталыш жагдайы менен манасчылар ага өздөрүнүн субъективдүү көз-карашын киргизе алганбы деген суроого байланыштуу.

«Манас» эпосундагы мамлекеттик идеалдарды издеш үчүн Манастын тарыхын камтыган жана эпикалык окуялар толук чагылдырылган Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Каралаевдин варианттарына токтолууну туура көрдүк. Мында баардык жашоосун көчмөн турмушта өткөрүп, мамлекеттик аппарат жана малекет куруу жөрөлгөсүнөн караманча кабары жок Сагымбай Орозбай уулу (1867-1930-жж.) менен кадыресе жаратман жашоосу Совет маалындагы мамлекет курулуп, илим-билим деңгээли жогору, маалымдоо каражаттары үлгүлүү мезгилге туш келген Саякбай Каралаевдин (1894-1971-жж.) чыгармачылыктарын салыштыруу, жогоруда коюлган суроолорго жооп табууга өбөлгө болоорун баамдайбыз.

Макаланын башталышында мамлекет тууралуу ар түркүн көз-караштын айтылып келгендигин келтирген элек. Анын бири - жеке менчиктин жаралышы жана адегендеги эксплуатациянын түрү болгон бийликтин келип чыгышына байланыштуу.

Арийне, «Манас» дастанынын эки вариантында тең мамлекет туурасында бир таптын экинчи тапты эзүү формасы түгүл, мамлекет жөнүндө дастанчылардын такыр түшүнүгү жок экендиги байкалат. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында мамлекет куруу жөрөлгөсү:

«Өкүм болбой өнүкпөйт,

Өзүнчө бир журт жөнүкпөйт.

Башчысы болбой марыбайт,

Башаламан жарыбайт»,- деп бытыранды калктын бир адамга баш ийип, анын амирине көнүп, биригүү зарылдыгы белгиленет. «Манас» дастанынын өнүгүү ыргагында кыргыз элинин байыркы мезгили менен кылымдагы мамлекет түптөө тарыхы үндөшүп, ал түгүл айрым окуялар табигый жуурулушуп кетет.

Башында Алатоодон Енисейге көчүп барган кыргыздар адегенде, мекенинен, өлкөсүнөн айрылып, жаңы конушка келгенден соң мамлекетти түптөө машакаты, дастанда Жакыптын түшү ирээтинде берилет.

«Бай Жакыптын түшү экен,

Бул оңунан келген иш экен.

Ушу түшүң чын болсо,

Ойротту баскан киши экен.

Куш болгондо баладыр,

Ай тийген жердин баарысын

Алат экен балаңыз.

Алтымыш жашка чыкканча

Аким болуп, журт сурап,

Алат экен дүйнөнү,

Арбак конуп башына

Аны Алла-талаа сүйгөнү.

Арыстандай кайраттуу,

Эркек уул, эр болуп,

Карайт экен көзүнө,


Конот экен өзүнө».
Кыргыздардын жүздөгөн жылдарга созулган эгемен мамлекет курууга жасаган аракети, дастанда Манастын туула тургандыгы жөнүндөгү Жакыптын түшү жана Манастын жарык дүйнөгө келиши менен анын балалык чагын чагылдырган баян ичинде сыйдырылган. Жогоруда сөз кылынган кыргыздардын Чыгыш Түркстандагы баштапкы тарыхы, Манас эпосунун башталыш бөлүгүндөй эле фрагментардык мүнөздүгү маалыматтарды камтыйт. Эпостун поэтикалык ыргагында кыргыздар башынан кечирген түпкүлүктүү тарыхый окуялар баяндалып, фольклордук чыгарманын баалуулугун арттырат. Кыргыз тарыхынын адегендеги этабындагы тарыхый окуялардын өнүгүү ыргагы, байыркы түрк санжырасы жана «Манас» эпосундагы даректер менен табигый жуурулушуп кеткендигине байланыштуу кыргыз тарыхынын байыркы мезгилинен, Кыргыз каганаты курулганга чейинки доорду легендарлык этап деп атасак болот.
XS
SM
MD
LG