Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Иранда кечээ болгон катуу жер титирөөдөн 20 миңдей адам мерт болду


Ирандын бийликтери байыркы Бам шаарына бүлгүн салган жер титирөөдөн булардан башка он миңдеген киши жараат алганын маалымдашты. Элдин көбү таттуу уйкуда жаткан таңкы саат 5 жарымга чукул болгон зилзаланын күчү бул жерде Рихтердин таякчасы боюнча 6,3 баллга жеткен. Силкинүүдөн тарыхый шаардагы 2000 жыл мурда курулган мунара баш болгон имараттардын 70% кыйрады. Шаар башчысы Мохаммад Али Карими табигый кырсыктын кесепеттерин төмөнкүдөй баалады.
- Жоготуулар менен жалпы зыяндын деңгээли өтө жогору. Азыр биз үчүн башкысы – урандылардын алдында калган адамдарды аман-эсен куткарып калуу, ал үчүн чукул жардамга муктажбыз.
Калаанын кыйрап-бүлүнгөн көчөлөрүндө адамдар от жагып, тоңуп калбаштын камын көрүүдө. Ирандын президенти Мохаммад Хатами үч күндүк аза күтүү жарыялады. Кырсыкка байланыштуу бир катар өлкөлөр Иранга куткаруучуларын, зарыл буюмдарды жөнөтүштү. АКШнын президенти Жорж Буш Ирандагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга көңүл айтып, Америка көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG