Канадалык кинорежиссер Атом Эгоян тарткан "Арарат" аттуу тасманы Түркиянын аймагында көрсөтүүгө өлкөнүн маданият министри Эркан Мумчу уруксат берди. Тасма - Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда түрктөр армяндарды кырганы тууралуу тартылган. Армениянын айтымында, ал кыргында бир жарым миллион армян өлтүрүлгөн, бирок түрк өкмөтү аны геноцид деп таануудан баш тартууда.