Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 23:49

Бангладеш мамлекетинде бир миллион мусулман чогулду


Бангладеш мамлекетинин борбор калаасы Дакка шаарынын алдында ушул күндөрү бир миллионго жакын мусулман таат-ибадат өткөрүүгө чогулууда. "Бисва ижтема" деп аталган бул үч күндүк жыйынга чогулгандар диний жөрөлгөлөрдү так жана убагында аткаруу иштерин талкуулап, аларды бир-бирине көрсөтөт. Сауд Арабиянын Мекке шаарына ажылыкка баргандан кийин бул дүйнөдөгү эң ири мусулман жыйыны. Бангладеш өкмөтүнүн айтымында, өлкө үч миллионго чейин конок күтүүгө даяр.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG