Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед ал-Барадеинин айтымында, Ливиянын өзөктүк курал өндүрүү программалары өтө деле өнүккөн эмес. Анткен менен, ал программалар баары бир эл аралык көзөмөлгө алынууга тийиш. Ал-Барадеи бүгүн Ливияга келип, биринчи эл аралык текшерүүнү өзү башкарууда. Мындан бир апта мурда Ливия өзүнүн өзөктүк программаларынан баш тартып, өлкөнү эл аралык көзөмөлгө ача турганын билдирген.