Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Ирандагы жерт титирөөдөн 90 миңге жакын адам жапа чекти


Ирандын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн жапа чеккендерге эл аралык гуманитардык жардам келе баштады. Биринчи учактар Улуу Британия, Алмания, Орусия жана Швейцариядан келди. Тегерандын айтымында, Израил жардам жиберсе, Иран аны кабыл албайт. Бам шаарынын алдында жума күнү эртең менен болгон силкинүүнүн күчү Рихтер өлчөмү боюнча 6,3 баллга жеткен, андан дароо беш миңге жакын адам каза тапкан. Ирандык журналист айымдын айтымында, өлгөндөрдүн сөөгү моргдорго батпай кетти: "Бул жерге медицина институттарынын студенттери, башка жардамчылар, Кызыл Жарым Ай уюмунун кызматкерлери, жардам көрсөтүүгө дарманы бардын баары чогулду. Баары жардам көрсөтүп жатат. Моргдорго өлгөндөрдүн сөөгү батпай кеткендиктен, өлүктөр машине коюучу жайларга, жөн эле көчөгө жыйылып жатат". Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, өлгөн жана жарат алгандардын саны 70 миңге жетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG