Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН НАСЫЯ АКЧАСЫ, КЫРГЫЗ-КАЗАК БИРИМДИГИ, НАРЫНДАГЫ МАС АЯЛ


Өкмөт башчы Николай Танаевдин энергетиктерден алган 102 миң доллар насыя акчасынын айланасындагы талашка чекит коюла элек. Бейөкмөт уюмдар өкмөт башчы эл алдында иштин чоо-жайын тактап айтып беришин талап кылышууда. Кыргызстан менен Казакстан мындан ары экономикалык-саясий байланышын тереңдетүү максатында «Биримдик келишимине» кол коюшту.

Бир катар бейөкмөт уюмдар өкмөт башчы Николай Танаевге кайрылуу жолдоп, андан канча байлагы бар экендигин элге ачык айтып беришин талап кылышууда. Ишембидеги «МСН» гезитинин жазганына караганда, бейөкмөт уюмдар андай маалыматты өкмөт башчы жаңы жылга чейин айтып берсе дурус болот эле деген ойдо. Николай Танаев журналисттер алдында 102 миң доллар насыя акчаны үй шартын жакшыртуу аракетинде алганын белгиледи:

- Мен насыя акча алганга макул болгом, зарыл келишимдерди түзүп, кол койгом. Алар куруучуларга акча төлөп беришти. Бул ушул жылдын 3-январында болгон иш. Аскар Акаев мени Абийирдүү башкаруу боюнча улуттук кеңештин төрагалыгына дайындагандан кийин мындан аркы ишим такай текшерилерин сездим. Ошондо кредиттен баш тартып, куруучулар алган акчаны кайтарып беришти.

Кой жылында кимдин ташы өргө кулап, кимдин иши жүрүшпөгөнүнө апта соңундагы «Бишкек таймс» гезити кайрылды. Президенттин администрациясынын башчысынын орунбасары Темирбек Акматалиев Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды, Темирбек Акматалиевдин бошогон ордуна Болот Жанузаков отурду, Токон Шайлиева Ысыккөл облусунун, Аскарбек Шадиев Баткен облусунун губернаторлугуна бекитилди. Облус жетекчилигинен четтетилген эки экс-губернатор президенттин атайын өкүлдөрү болуп калышты.

Басылманын жаңы санында Айнура Алмазбек кызынын «Базарга байыр алган кыргыз көчү» жол очерки жарыяланган.

«Казактар кыргыз поезддерин «Золотая корова» деп атап алышыптыр. Анысы Орусияга каттаган кыргыз соодагерлер алтын сүт берип атат дегендери го, - деп жазат макала автору. - Баурдастар кыргыздарды ар бир станциясынан токтотуп, «саап» турушат экен. Меркеден баштык башына деп акча чогултуп беришти. Астанага келгенде бечара челноктор дагы дүргүп калышты. Баягы балакет-баштык башына чогултмай дагы башталды. «Орустар го мейли, алса жарашат, ошолордун жеринде соода кылып атабыз, мобу транзиттик өлкө болгон казактар кууратат. Анан калса орустар мыйзамга такап туруп тоношот, казактар мыйзамыңды уруп ойнобойт» деп челноктор чурулдап калышты».

Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «Биримдик келишимине» кол коюлганын апта соңундагы «Кыргыз туусу», «Эркин тоо», «Вечерний Бишкек» гезиттери маалымдашты.

Астанада кол коюлган келишим «Вечерний Бишкек» гезитинин ырастоосуна караганда, эки өлкөнүн буга чейинки мамиле-катышын жаңы сапаттык тепкичке көтөрөт. «Биримдик мамилелери тууралуу келишим» эмдиги жылдан тарта ишке киргизилет. Ага ылайык казактын даркан талаасы менен түштүктөн – түндүккө, батыштан – чыгышка байма-бай каттаган кыргыз поезддерине жергиликтүү каттамдардай эле шарт түзүлөт.

Казакстан президентинин айтымында, алдагыдай жеңилдиктен Казакстан жылына 8 миллионго жакын зыян тартат. Өз кезегинде Кыргызстан өз аймагындагы Казакстанга тийиштүү кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын тааныйт. Кыргызстандан Казакстан аркылуу өтчү темир жол жана авто катнашына ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

«Эркин тоо» гезитинин ырастоосуна караганда, эмдиги жылдан тартып Казакстандын аймагы боюнча Кыргызстандын жүктөрү эркин өтөт. «Кыргызстанга 200 миң тоннага жакын буудай, ошондой эле мазут жана күйүүчү-майлоочу май берүү жагы да сүйлөшүлдү».

Басылмада жыл жыйынтыгы тууралуу Бегим Турдалиеванын «Бүгүнкү өсүш эртеңкиге чек эмес» деген сереби жарыяланган.

«Кыргыз туусу» гезитинде журналист Мундузбек Тентимишевдин «Кыргыз пейили америкалыктардын көзү менен» деген макаласы жарыяланды. Америкалыктар тарткан «Зор асман – Жибек жолу» документал тасмасын Кошмо Штаттардын Монтана штатында көргөн автор Кыргызстандын азыркы «турмуш чындыгы» тууралуу минтип жазат: «Нарындын «жакыр» деген кварталдарындагы эшик-терезелери жок үйлөр, короолордун кунарсыздыгы жүрөктү ачыштырбай койбойт. Жайма базар жанында көзү алачакмактаган, арактан бузулган кары аял да жүрөт. Эненин мындай адам кейпинен кеткен жагымсыз элеси Монтанадай алыскы штатка мейман болгон биз баарыбыздын жети өмүрүбүздү жерге киргизди. Эмне демексиң, бул өңдүү терс көрүнүштөр да – турмуш чындыгы!»
XS
SM
MD
LG