Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

БАНКТАРДАН КҮЙГӨН АМАНАТЧЫЛАР БААЛУУ КАГАЗГА ҮМҮТ АРТУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек Улуттук банк коммерциялык банктардын жоопкерчилиги жана туруктуулугу үчүн күрөштү улантууда. Соңку кезде кабыл алынган мыйзамдар коммерциялык банктардын жүгүн ого бетер оорлотту. Улуттук банк мындан ары аманатчылар күйбөйт деп ишендирүүдө.

Соңку эки ай ичинде парламент кабыл алган эки мыйзам тең коммерциялык банктардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Айрыкча «Коммерциялык банктарды консервациялоо жана ликвидациялоо жөнүндө» мыйзамда банкты банкрот абалына жеткирген жетекчилерге катуу чаралар каралган. Жабылып аткан банк аманатчылардын 25 миң сого чейинки акчасын дароо кайрышы керек. Ошондой эле бул мыйзамга ылайык адатта 4-5 жылга чейин созулчу сот процесси тездейт. Эми соттор мыйзамда каралган мөөнөт ичинде ишти карап чечим чыгарып бергенге милдеттүү. Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун айтымында бул мыйзамдар банктарга калктын ишеничин кайра калыбына келтирүүгө багытталган:

- Эгер кайсы бир банк аманатчыларын таарынтып, алдаса анда Улуттук банк аны катуу жазалайт. Биз банктарга элдин ишенимин кайтарыш үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Буга зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алып берген парламентке ыраазычылык билдирем.

Буга дейре бир канча банктарда акчасы күйүп кеткен аманатчылар акчаларын кайтарып алалбай, азап тартып жүргөнү белгилүү. Улуттук банк билдиргенге караганда банкрот болгон банктар элден дагы эле толук кутула элек. «Бишкек» банкы жабылган убакта карызы 37 млн. сом болсо, азыр анын 200 миң сому калды. «Курулушбанктын» 37,5 млн. сом карызы 108 миң сомго чейин азайды. «Инсан» банкы өз аманатчыларына дагы 12,6 млн. сом карыз. «Меркюри» банкы аманатчыларынын 40% гана кутулуп, 1 млн. доллар дагы мойнунда.

Кыргыз өкмөтү быйыл 28- ноябрда банктагы акчалары күйүп кеткендерден кутулуш үчүн баалуу кагаз чыгаруу тууралуу токтом чыгарган. Улуттук банк ишендиргенге караганда аманатчылар акыры зарыгып күткөн акчасын баалуу кагаз менен кайрып алышат.

XS
SM
MD
LG