Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮН ЖАҢЫ ПРОГРАММАСЫ ДАЯРДАЛУУДА


Кыргыз өкмөтү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн 2004-2006-жылдардагы программасын даярдады. Өкмөт мүчөлөрү программаны бейшемби күнү талкуулашты. Айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен аны кайра иштеп чыгууну өкмөт Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча комитетке тапшырды.

Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Анатолий Макаровдун маалыматына караганда, программа социалдык, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарына тиешелүү жайларды менчиктештирүүгө багытталган. Андан тышкары программада парламент менен өкмөттүн уруксаты менен гана сатыла турган айрым стратегиялык жайларды менчиктештирүүнүн жолдору каралган. Программа 10 бөлүктөн турат жана ага ылайык 41 жай менчиктештирилмекчи. Программанын долбоорун 28 министрлик, мекеме, уюмдар талкуулап, тизмеге киргизилген жайларды менчикке берүүгө 8 министрлик уруксат берген.

Анатолий Макаров программага киргизилген жайлар менчикке өтсө казынага пайда түшөт, мындан тышкары ал жайлар менчик ээлери тарабынан жакшы күтүлө баштайт деп өкмөт мүчөлөрүн ишендирүүгө аракет жасады. Бирок, жыйынга катышкандар мурдагы программанын негизинде менчикке берилген жайлардын көбү иштебей турат дешип, мындан ары менчикке берилген жайлар мамлекетке пайда алып келе тургандай саясат жүргүзүлүшү керек деген ойлорун айтышты. Антип талап койгондордун бири - Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева болду.

- Бул программага жадагалса Каракол шаарындагы бак-дарак өстүрүү ишканасы да киргизилиптир, - деди таңгалганын жашыралбай Токон Шайлиева. - Бул ишканадагы бак-дарактардын 60% кыйылып бүтүптүр. Аны калыбына келтирели деп жатканбыз. Бул - бир. Экинчиден, бул тизмеге облустук жетекчиликтин макулдугу жок эле көп ишканалар кирген экен. Мен жаңы жетекчи катары алардын айрымдарын жандандырайын деген оюм бар. Маселен, Жыргалаң шахтасын. Ал эми буга чейин менчиктештирилген Күрмөнтү цемент заводу азыр кароосуз турат. Ким сатып алганы, эмнеге иштебей турганы белгисиз. Андан тышкары Ысыккөлдүн жерин ким алы жетсе эле сатып алып, талап кетишиптир. Ким, кантип алганы белгисиз. Пансионаттарды деле ким алганы белгисиз. Иликтеп көрсөм аларды сатып алгандардын 90% Бишкекте жашайт экен. Уятынан жер салыгын төлөшөт. Бирок, жайында эс алуучуларга толгон пансионаттардан түшкөн пайдадан эч ким салык төлөбөйт экен. Ушинтип кантип иштөөгө болсун?

Жыйында «мамлекеттик кино ишканасына тиешелүү кинотеатрларды менчикке берүү эртелик кылат го» деген ойлор да айтылды. Бирок, ага өкмөт башчы Николай Танаев каршы болду:

- Өзүм да албайм, өңгөгө да бербейм деген үймөк башындагы иттей болбойлу. Азыр кинотеатрларды жашыртууга бир да инвестор басып келбейт. Ал эми менчикке бергенден кийин кинотеатрларды башка жайга айландырбоо гана зарыл. Ал өзүнүн багыты боюнча элге кызмат кылып, адам келип эс ала турган таза, кооз, маданий жай бойдон калсын.

Өкмөт башчынын мындай талабы менчиктештирүүнүн жаңы программасын кабыл ала турган Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын ынандырбайт. Алардын бири - депутат Апсамат Масалиев:

- Эң туура эмес айтып жатат. Менчик болгондон кийин анын ээси өзү каалагандай өзгөртөт. Кожоюн кедей элдин кызыкчылыгын эске албайт.

Апсамат Масалиевдин айтымында, буга чейинки менчиктештирүү саясаты Кыргызстандын бир ууч атка минерлеринин жана насыя акча берген Эларалык валюта корунун көрсөтмөсү менен жүргүзүлдү. Ошондуктан жергиликтүү сырье менен эле иштеген жүздөгөн өнөр жай ишканалары талоонго түштү. Ушундан улам алдыдагы 3 жылга белгиленген менчиктештирүү программасынын да акыбети кайтпайт:

- Эгерде ооруканалар, маданият үйлөрү менчиктелип кетсе, анда Кыргызстанда эч нерсе калбайт. Кыргызстандын эли талаада калат, - деп кабатырланат Апсамат Масалиев.
XS
SM
MD
LG