Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Бенинде кыйраган учактан каза тапкандардын саны 130кө жетти


25-декабрда батыш африкалык Бенин өлкөсүнөн Ливанга бараткан учак кыйраган эле. 130 курмандыктын кеминде 110у жаңы жылды тосууга үйүнө бараткан Ливандын атуулдары, 15и Сиерра Леонеде жана Либерияда кызмат өтөгөн Бириккен Улуттардын теги бангладештик тынчтык аскерлери болгондугу аныкталды.

Боинг-727 учагы асманга көтөрүлө албай, имаратты барып сүзүп, кийин океанга кирип кеткенде 15 жүргүнчү аман калды. Ливандын тышкы иштер министри учактын кыйрашына ашыкча жүктөлгөн жүк кошумча болгон болушу мүмкүн деп билдирди. Куткаруу иштери уланууда. Дагы 10 кишинин дайны табылбай жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG