Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Эларалык жыйында агрардык маселелер талкууланат


БИШКЕК. 2004-жылдын январында Бишкекте айыл-чарба тармагын өнүктүрүү маселелерине арналган эларалык жыйын өтөт. Республиканын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин маалыматы боюнча жыйында Кыргызстандагы агрардык реформанын экинчи баскычынын алкагында жүргүзүлө турган иш-чаралар аныкталат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министри Александр Костюктун айтуусу боюнча, агрардык реформанын экинчи баскычында айыл-чарбасында кооперацияны өнүктүрүү, айыл-чарба тармагын техника менен камсыз кылуу, ветеринария кызматын жакшыртуу сыяктуу иштер турмушка ашууга тийиш. Ал эми эң негизги максат - дыйкандар өндүргөн продукцияны жакшы баада сатып алууга, аларды кайра иштетип, экспортко сатууга жетишүү зарыл.

Кабарларды Азиза Турдуева даярдады.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG