Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Талас шаарында маалымат борбору ачылды


ТАЛАС. Укуктук жана маалымат борбору «Евразия» жана «Сорос-Кыргызстан» фонддорунун колдоосу менен уюшулду. Борборду ачууга аталган фонддор 18 миң АКШ долларын грант катары берди. Борбор заманбап компьютердик жабдуулар менен камсыздалды. Ошондой эле гезит, журналдарды окууга, нормативдик актылар жана мыйзамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эл борбордун кызматынан акысыз пайдаланат. Учурда Кыргызстандын мыйзамдарына ишкерлердин, студенттердин жана фермерлердин кызыгуусу артууда. Кийинки жылы маалымат борбору «Сорос-Кыргызстан» фондунун 12 миң АКШ долларлык гранттык колдоосуна ээ болмокчу.

XS
SM
MD
LG