Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

2003-ЖЫЛДЫН АКЫРКЫ АПТАСЫНЫН ДИДАРЫ


2003-жылдын акыркы аптасында өлкөнүн саясий турмушунда бир катар маанилүү окуялар болду.

Дүйшөмбү - 22-декабрда «Арнамыс» партиясынын азыркы тапта камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коёру маалым болду. «Арнамыстын» саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын айтымында, Феликс Кулов «Учкун» гезитине берген маегинде 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга бийлик мүмкүнчүлүк берсе элдин эң көп добушун алаарын, азыр абакта жатышына бул негизги себеп болгонун маалымдаган. Ал эми «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде Феликс Кулов шайлоолордун калыс жана акыйкат өтүшү үчүн барыдан мурда Борбордук шайлоо комиссиясынын көзкарандысыздыгын камсыз кылуу керек деди:

- Менин пикиримде, эң ириде Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз болушу керек. Экинчиден, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыл сайын алмашып турушу зарыл. Сулайман Иманбаев өзү каалайбы же каалабайбы – ал президенттин пикири менен эсептешип турууга аргасыз.

Шейшемби - 23-декабрда өкмөт башчы Николай Танаев жыл башында «Кыргызстандын улуттук электртармактары» акционердик коомунан 102 миң доллар насыя акча алганы маалым болду. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму баштаган бир катар коомдук уюмдар премьер-министр кызмат абалынан пайдаланган деп, Н. Танаев мырзадан насыя акчаны алуунун шарттарын жана өзүнүн канча байлыгы бар экендиги тууралуу маалыматты элге жарыя кылууну талап кылышты. Депутаттар Дүйшөн Чотонов, Исхак Масалиев жана «Эркиндик» партиясы «энергетика тармагы кризиске учурап, эл бюджеттен акчасын өз маалында алалбай турган шартта жасаган мындай кадамы үчүн өкмөт башчы кызматтан кетиши керек» деген пикирлерин айтышты. Ал эми Николай Танаевдин өзү болсо Казакстандан көптөн бери өнбөй келаткан электр энергиясы үчүн 12 млн. доллар карызды кайтаруудагы эмгеги үчүн энергетиктер ага үй сатып берели дегенде баш тартканын, бирок, кредит алып, аны кайра кайрып бергенин айтууда:

- Менин үйүм жок экенин энергетиктер билишип, мага үй сатып берүүнү сунуш кылышты, – дейт Николай Танаев. - Мен баш тарттым. Анткени ал мыйзамсыз болчу. Андан кийин алар кредит сунушташты.

Исхак Масалиев болсо карызды өндүрүү премьер-министрдин түздөн-түз милдети, Н. Танаев брокер же ортомчу эмес деди.

Шаршемби – 24-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Кыргызстандагы чечендердин абалына арналган парламенттик угуу өткөрдү. Чечендердин «Барт» улуттук-маданий борборунун маалыматы боюнча, акыркы 5 жылда өлкөдө чечен улутундагы 11 атуул киши колдуу болгон жана буга байланыштуу кылмыш иштери жакшы иликтенбей, адам укуктары бузулуп жатат. Парламенттик угууда Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев мындай кинени четке кагып, чечен улутундагы каза болгон 11 адамдын сегизи ошол эле чечен улутундагы адамдар колдуу болгонун билдирди.

Бейшемби – 25-декабрда президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик делегация Казакстанга ырасмий сапар менен барды. Ырасмий сапардын жыйынтыгы тууралуу 1-вице-премьер-министр Курманбек Осмонов мындай дейт:

- Астанадагы эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу учурунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «Биримдик келишимине» жана Эларалык автоунаа каттамдары тууралуу келишимге, чегарадан өтүү пунктары тууралуу макулдашууга жана башка өкмөттөр аралык бир катар документтерге кол коюлду.

Жума – 26-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны эсеп-кысап аппараты боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык өкмөт 1 айдын аралыгында эсеп-кысап машиналарын киргизүү тууралуу жобону иштеп чыгып, аны Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө сунуштамай болду. Премьер-министр Николай Танаевдин парламентте билдиргенине караганда, ишкерлер эми же эсеп-кысап аппараттары менен, же патент менен иштесе болот. Патенттин баасы болсо 1-январдан тартып кымбаттай турган болду.

Ишемби – 27-декабрда президент Аскар Акаев Иран Ислам Республикасынын президенти М. Хатамиге 26-декабрда Иранда болгон жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясынын Ирандагы ырасмий сапары аптанын башында - 22-декабрда аяктаган болчу. Анда эки мамлекет ортосунда 7 документке кол коюлган. Эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1996- жылы 16 млн. доллар болсо, Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин - 1999- жылы анын көлөмү 5 миллионго чейин кыскарып кеткен.

XS
SM
MD
LG