Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 13:03

МАГАТЭ Ливиянын өзөктүк жайларын текшерүүдө


Бул күндөрү Ливияда МАГАТЭнин баш директор Мохамед эл-Барадейи баштаган делегациясы жүрөт. Уюмдун эксперттери кечээ өлкөнүн башкалаасы Триполиде төрт жайды инспекциялашты. Ливия жакында массалык кыргын салуучу куралдар боюнча баардык программаларын токтотоорун жарыялап, МАГАТЭнин эксперттерин өлкөгө чакырган болчу. Мунун алдында алар тогуз ай бою АКШ жана Британия менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Расмий Триполинин ырастоосунда, өлкөдө массалык кыргын салуучу куралдар боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөнү менен Ливия андай курал эч убакта ээ болгон эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG