Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Иракта кол салуулар уланууда


Багдаддын борборунда кечээ болгон жарылуудан америкалык бир аскер жана жергиликтүү эки жаш бала каза тапты, бир нече киши жаракат алды. Америкалык аскерлердин дагы бири кеээ Фаллужа шаарында киши колдуу болуп, үчөөсү жаракат алган. Ал эми өлкөнүн түндүгүндөгү Эрбил шаарында белгисиз куралчандын кол салууусунан Күрд демократиялык партиясынын жетекчилеринин бири жарадар анын үч жансакчысы мерт болгон. Мунун алдында ишемби күнү Кербала шаарындагы кол салуулардан 19 адамдын өмүрү кыйылган эле. Алардын арасында, коалияциянын аскерлери, атап айтканда Болгариянын беш, Таиланддын эки жоокери бар эле. Ирактагы жоготууга байланыштуу Болгарияда алдыдагы шейшемби аза күтүү күнү болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG