Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Ирандагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны өсүүдө


Жергиликтүү жана чет элдик куткаруучулар урандылардын алдында калгандарды издөөнү улантып жатканы менен расмий өкүлдөрдүн айтымында, эми кимдир- бирөөлөрдү аман-эсен сактап калууга үмүт аз.
Зилзаланын курмандыктарынын саны 22 миңге адамга жетиши же мындан да көбөйүшү мүмкүн. Ирандын Керман провинциясына караштуу Бам шаарында жер титирөө жума күнү таңга маал болгон эле. Андан бери урандылардын алдынан 1 миңден ашуун киши аман – эсен табылды. Жер титирөөдөн улам 30 миңдей киши жаракат алган, он миңдеген адамдар үй –жайсыз калды. Алар кыштын суугунда үчүнчү түн ачык асман алдында түнөштү. Президент Мохамед Хатами зилзала болгон аймакка бараары күтүлүүдө. Иран бийликтенинин дарегине куткаруу иштери начар координацияланганы үчүн жергиликтүү тургундар тарабынан нааразылык айтылып жатат. Мунун аралыгында, Иранга чет өлкөлөрдүн 45тей учагы гуманитардык жардам алып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG