Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Баткен облустук акимчилигинин коллегиясы өттү


БАТКЕН. Жыйында электр энергиясы үчүн карыздарды жыйноо иштеринин жүрүшү тууралуу маселе гана каралды. Ушул жылдын 1-октябрына карата облус электр энергиясы үчүн 201 млн. 583 миң сом карыз болсо, бийлик тарабынан жыл соңуна чейин аны 104 млн. сомго чейин азайтуу милдети коюлган. Жыйында бүгүнкү күнгө чейин 35 млн. 725 миң сом гана чогултулуп, карыз жыйноо иштери солгун жүрүп жатканы белгиленди. Мындай иштер өзгөчө Кадамжай жана Баткен райондорунда начар жүргүзүлгөн. Ошондой эле жалпы карыздын 103 миллиону такталбагандыктан, аны сот аркылуу чечүү керектиги айтылды.


Кабарларды Бүбүкан Досалиева менен Айданбек Акмат уулу даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG