ЖАЛАЛАБАД. Айылдын жүзгө жакын тургуну жолдогон доо арызда облустук сугат тармактар башкармасынан материалдык чыгымдар үчүн 11 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүндү. Алар анын себебин айылга Караүңкүр сайынан келчү суунун эки айдан ашык убакыт бою токтотулуп, калктын суу издеп убара тартканы, малына жугуштуу оорулар жуккандыгы менен түшүндүрүштү. Тиешелүү уюмдарга нечен ирет кайрылуудан натыйжа чыкпагандыктан, ушундай жолго барууга аргасыз болгондугун белгилешти. Сугат тармактар башкармасы болсо калк 1,5 млн. сомдук суу акысын төлөбөгөндүктөн, суу убактылуу буулганын кабарлады. Суу түтүктөрүн кайра оңдоого акмандыктар 300 миң сом акча топтошкон. Азия өнүгүү банкынын «Таза суу» долбоорунун өкүлдөрү 2,5 млн. сом акча топтолсо, курулуш башталаарын маалымдашты.