Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Өкмөт КОР программасы боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери программасын маалымат каражаттарында 2003-жылы чагылдыруу боюнча жарыялаган конкурстун жыйынтыгын 29-декабрда чыгарды. Анда биринчи сыйлыкты өкмөттүн «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редакторунун орун басары Догдурбек Юсупов менен «Эркин Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары Таалайбек Темиров жеңип алышты. Алардын ар бирине 25 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Ал эми экинчи орун «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы Елена Авдеева менен журналист Леонид Калашниковго ыйгарылып, алар 15 миң сомдук байгеге ээ болушту. Конкурстун жыйынтыгында байгеге жалпысынан 30дан ашуун журналист сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG