Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Таластык дыйкандардын нааразылыгы


ТАЛАС. Карабуура районундагы төө буурчак өстүргөн дыйкандардын нааразылык акциясы уланып, алардын жоон топ өкүлү 29-декабрда АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Кызыладыр айылындагы маалымат борборуна келишти. Алар буга чейин бир нече жолу өткөргөн нааразылык жыйындарында кабыл алышкан кайрылуулары өкмөттүн бир дагы массалык маалымат каражаттарында айтылбай жаткандыгына кабатырланганын билдиришти. Президент Аскар Акаевдин эл менен 30-декабрда КТРдин «түз эфири» аркылуу жолугушуусуна да эл атынан суроо даярдашкандыгын, бирок, аны да мамлекет башчысына жеткиришпей тургандыгына көздөрү жетип тургандыгын айтышты. Дыйкандардын бийликке жеткире албай жаткан бир гана маселеси бар. Ал – «Робин» фирмасынын ишмердүүлүгүн Кыргызстанда токтотуу. Бул туурасында Демократияга колдоо көрсөтүү боюнча Кызыладырдагы маалымат борборунан 29-декабрь күнү маалымдашты.

XS
SM
MD
LG