Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Депутат Каракечеде иштеген фирмаларды жоопко тартууну талап кылууда


БИШКЕК. Каракече көмүр кенин иштетип жаткан «Акулак» мамлекеттик акционердик коомундагы мыйзам бузуулар боюнча тезинен чара көрүп, анын башында турган чет өлкөлүк адамды жоопко тартуу зарыл. Мындай талапты бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаевден жана өкмөт башчы Николай Танаевден талап кылды. Орозбек Дүйшеевдин билдирүүсү боюнча, көмүр кенин иштеткен «Акулак» коомундагы беш фирманын баары бир гана адамга таандык болгон. Эсептөө палатасы алардын ишмердүүлүгүн текшерип, 150 млн. сомго чейинки мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин бир чара көрүүнү сурап, документтерди Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратура болсо документтерди Улуттук коопсуздук кызматынын иликтөөсүнө жиберген. «Кендин пайдасын көргөн чет өлкөлүк шылуундар жоопкерчиликтен биротоло кутулуп кетип, «Акулак» акционердик коомунда иштеген жергиликтүү гана атуулдар жаза алышы мүмкүн», - деп эскертти Орозбек Дүйшеев.

XS
SM
MD
LG