Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Бишкекте диний экстремисттерге каршы иш-чаралар күчөтүлдү


БИШКЕК. Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы диний-экстремисттик кыймылдарга каршы күрөш боюнча эки баскычтан турган алдын-алуу иш-чараларын жүргүзүүгө киришти. Ал Ички иштер министринин «Кыргызстанда диний экстремизм менен эл аралык терроризмдин таралуу коркунучун алдын-алуу чаралары» жөнүндө буйругун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Шаардык Ички иштер башкармасынын басма сөз кызматкери Алла Дөөлөталиевадан бүгүн алынган маалыматка караганда, иш-чараларды жүргүзүүгө Бишкек гарнизонунун жана коомчулуктун 1247 өкүлү тартылды. Алар Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын көмөгү менен мусулмандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Андан тышкары Бишкек шаардык жана шаардагы райондордун ички иштер бөлүмдөрүнүн иликтөө топтору бекемделип, элчиликтердин жана эларалык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан имараттарды жана тез жарылгыч заттар сакталган жайларды кайтаруу күчөтүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG