Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

2004-жылы Кыргызстанда ЮНЕСКОнун эларалык жыйыны өтөт


БИШКЕК. Өткөн аптанын соңунда Парижде Кыргызстандын Белгия, Нидерланды, Люксембург жана Франциядагы элчиси Чыңгыз Айтматов ЮНЕСКОнун башкы катчысы Коисиро Мацура менен жолугушуп, 2004-жылы ЮНЕСКОнун алкагында кызматташуу маселесин талкуулаган. К. Мацура Кыргызстандын жана президент Аскар Акаевдин эларалык деңгээлдеги иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү тажрыйбасына ылайык, келерки жылы Кыргызстанда «Евразия 21 кылымда- цивилизациялардын кагылышуусубу же диалогубу?» деген темада эларалык жыйын өткөрүүнү сунуштаган. Аны өткөрүү 10-12-июнга белгиленип, ага Иран, Түркия, Кытай, Монголия, Ооганстан, Пакистан, Орусия мамлекеттеринин жетекчилери жана ири эларалык уюмдардын өкүлдөрү чакырылмакчы. Чыңгыз Айтматов бул идеяны колдоп, ал саммитти Ысыккөлдүн жээгинде өткөрүүнү сунуштаган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG