Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Ташкент - Дүйшөмбү ортосунда жылдык келишим түзүлдү


Өзбекстан менен Тажикстан ортосунда келерки 2004-жылга суу жана электр энергиясы менен камсыздоодогу кызматташуу келишимине кол коюлду. Бүгүн Ташкенде жетишилген келишимдин баасы белгисиз.
Тажикстан Өзбекстандын газына жана күйүүчү майына, ал эми Өзбекстан Тажикстандагы Памир тоолорунан башат алган сууларга муктаж.
Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Илхом Закировдун билдиргенине караганда, эки өлкө саясый кызматташууну бекемдеп, терроризмге, диний экстермизге жана маң заттарынын аткезчилигине каршы чогуу күрөшүүнү каалайт.
Коңшулаш эки өлкөнүн мамилеси 1990-жылдардын ортосунда ырасмий Дүйшөмбү өзбек бийликтерин тажик оппозициясынын лидерлерин куралдандырып, аларга баш паанек берди деп айыптагандан кийин солгундап кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG