Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Серб улутчуларды чоң жеңишке жетти


Сербияда жекшемби күнү болгон парламенттик шайлоодо серб улутчулдары жеңип чыкты. Бирок, алар парламенттик көпчүлүктү түзүүгө зарыл мандатка жетишпегенин алдын ала эсептөөлөр көрсөтүүдө.
Бейөкмөт Эркин шайлоо жана демократия борборунун маалыматы боюнча, эл аралык Гаага трибуналынын өкүмү менен абакта отурган Войислав Шешель башындагы Радикалчыл партия 28 процентке жакын добуш алган же парламенттеги 250 орундун 82не ээ болот.
Азыр Гаагада соттолуп жаткан Югославиянын мурдакы президенти Слободан Милошевичтин Социалисттик партиясын шайлоочулардын 7, 6 проценти колдогон.
Реформачыл үч партия, эсептөөлөргө караганда, 102 мандат алат.
“Сербиядагы шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн демократиялык күчтөрү өз ара келишпестикти коюп, бир максат үчүн бириккенин далилдейт”, - деп билдирди Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлү Герхард Вайскрихен.

XS
SM
MD
LG