Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Кытай Ирактын карызын кечүүгө макул


Кытайдын премьер-министри Вен Цзябаонун айтымында, Бээжин Иракты реконструкциялоодогу кыйынчылыктарды, ирактыктардын башына түшкөн мүшкүлдү жакшы түшүнөт жана Ирактын карызын азайтуунун жолдорун карап көрөт.
Бул тууралуу Синхуа агенттиги Вен менен Кошмо Штаттарынын атайын чабарманы Жеймс Бейкердин кездешүүсүнөн кийин маалымдады.
Ирак Кытайга канча карыз экени белгисиз. Бирок, Бээжиндин билдиришинче, 1990-жылы Багдад Кытайга 1 миллиард 100 миллион доллар карыз болчу.
Жеймс Бейкер Бээжинге Ирактын 120 миллиард долларлык карызын кыскартуу максатында келген эле.
Бэкер Токиодон Бээжинге учуп келгенден кийин жасаган билдирүүсүндө, Ирактын карызын кечүү боюнча япон жетекчилиги менен өткөн сүйлөшүү “өтө жемиштүү” болду деди:
- Менин премьер-министр Юничиро Койзуми менен өткөн бүгүн эртең мененки сүйлөшүүм өтө үзүрлүү болду... Менин оюмча, Ирактын карызы жана Иракты реконструкциялоого катышуу сыяктуу абдан маанилүү маселеде биз айрым өтө жакшы кадамдарды жасадык.
Япон өкмөтү Париж клубунун мүчөлөрү Ирактын борчун кечсе, ырасмий Токио Ирактын 7 миллиард доллардан көп кырызынын маанилүү бөлүгүн кыскартууга даяр экенин билдирди.
Бэкер мурдараак Париж клубуна мүчө Россия, Франция, Италия, Британия жана Германиянын Ирактын борчун кыскартуу боюнча макулдугун алган.

XS
SM
MD
LG