Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Иран лидерлери Бам шаарына кыдырып келишти


Ирандын президенти Мохаммад Хатами өлкөнүн түштүк чыгышындагы Бам шаарын келип, өткөн жума күнкү күчтүү жер титрөөдө жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү иштери менен таанышты.
Хатамиден бир аз мурда Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи Бамга келип, шаар кайра курулат деп убада кылды жана жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө көңүл айтты:
- Мен кырсыкта сүйүктүү адамдарын жоготкон бардык үй-бүлөлөргө, бардык эжелерибиз менен агаларыбызга чын дилимден терең кайгыруумду билдирем.
Мен ошондой эле Иран элине көңүл айтам.

Соңку маалыматтар боюнча, зилзалада набыт болгон 16 миңден көп адамдын сөөгү жайга берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG