Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

АЯТОЛЛА ХАМЕНЕИ: БАЙЫРКЫ БАМ КАЙРА КУРУЛАТ


Иран үч күндөн бери аза күтүүдө. Табигый кырсыктан кыйраган Бам шаарына жагдай менен таанышканы өлкөнүн диний лидери аятолла Али Хаменеи жана президент Мохаммад Хатами келишти. Ички иштер министри Мусави-Лари зилзаладан апаат болгондордун саны 20 миңден ашканын билдирди. Куткаруу иштерине ар түрдүү өлкөлөрдөн келген төрт жүздөй адистер катышууда.

Бамдагы куткаруу операциялары бир күндөн соң токтотулушу мүмкүн, бирок кырсыктын кесепеттерин жоюу жана шаарды тазалоо иштери дагы бир же эки аптага созулат. Британиялык куткаруучулардын өкүлү Ричард Норт Бамда үй-жайлардын алтымыш проценттен ашыгы кыйраканы чыкканын, башпаанеги жок адамдардын баары суукта калчылдап сыртта түнөп-конуп жатышканын,аларга чатырлар, ичкенге суу, дары-дермек керек болуп жатканын белгиледи. ООНдун гуманитардык иштер боюнча кызматкери Жеспер Линд зилзала болгон райондо жагдай өтө кыйын экенин, кырсыктын толук картинасы алиге чейин дайын боло электигин, жыйырма экиден ашуун эл аралык бригада күндүр-түндүр иштеп жаткандыгын ырастады. Линддин айтымында, эми негизги күч-аракеттер үй-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүү иштерине топтоло баштады. Баарыдан мурда адистерди санитардык абал кооптондурууда. Бир-эки күн ичинде бул чөйрөдө иштиктүү чаралар көрүлбөсө, шаарда эпидемия тутанышы ыктымал.

Ирандын ички иштер министри Абдолвахед Мусави-Лари билдиргендей, Керман провинциясынын бийликтери кырдаалды контролдон чыгарбоо максатында бардык чараларды көрүп жатышат. Шаарды урандылардан тазалоо ишине колдогу бүткүл транспорт тартылды. Жагдайдын кысталыштыгына байланыштуу министр кырсыктан каза тапкандарды чогуу-чаран көмгөнгө туура келерин билдирип, санитардык-гигиеналык масштабдуу иш-чараларды жүргүзүүгө көрсөтмө берди. Каракчылык, талап-тоноо фактылары көбөйгөндүктөн районго кошумча полиция күчтөрү тартылып келинди.

Бул учурда Бамга эл аралык гуманитардык жардамдар келип жатат. Кечээ шаардын аэропортуна 70 тонна азык-түлүк, дары-дармек жүктөгөн америкалык авиалайнер келип түштү. Соңку жыйырма жылдан бери иран жерине Кошмо Штаттарынан бир да самолет коно элек болчу. Табигый кыяматтан жабыркаган ирандыктарга көрсөтүлгөн америкалык- тардын жардамы эки өлкөнүн ортосундагы саясий пикир келишпестиктер жумшарганын билдирбейт, деп айтты Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Дүйшөмбү күнү Бамга келген диний адый, аятолла Али Хаменеи шаардыктарга, жалпы эле ирандыктарга кайрат айтты. Хаменеи төрткүлгө айланган бу көөнө шаар кайра курулат, бирок анын жерпайы абдан бекем болот деп ишендирди. Зилзала болгон райондо президент Мохаммад Хатами да болду.
XS
SM
MD
LG