Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Европолдун штаб-квартирасында жарылуучу зат салынган кат зыянсыздандырылды


Европол – Европа Биримдигинин полиция мекемеси. Анын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, жарылуучу зат салынган катты зыянсыздандыруу учурунда эч ким жабыр тарткан жок. Акыркы үч күндүн аралыгында эле Европа Биримдигине караштуу мекемелеринин дарегине ушундай үч кат түштү. Алардын бири кечээ Европанын Борбордук банкынын төрагасы Жан Клод Тришенин наамына жөнөтүлгөн. Дагы бири өткөн аптада Еврокомиссиянын төрагасы Романо Продинин колунда жарылып кетти. Эч ким жабыр тарткан жок. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG