Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Сербиядагы парламенттик шайлоодо улутчулдар жеңишке жетишкени расмий түрдө жарыяланды


Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, согуш кылмыштары үчүн шектелип учурда Гаагадагы эл аралык трибуналда камакта отурган Воислав Шешелдин Радикалдык партиясы 27%дан ашуун добуш топтогон. Муну менен алар 250 орундуу серб парламентинде 81 мандатка ээ болот. Ал эми Югославиянын мурдагы президенти, иши учурда Гаага трибуналында каралып жаткан Слободан Милошевичтин Социалисттик партиясы 7%дан ашуун добуш менен парламенттин 22 орунун алды. Жекшембидеги добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 40%дан ашыгы демократиялык маанайдагы үч партияны колдогон. Бирок алар эми биригип коалициялык өкмөт түзө алаар-албасы азырынча белгисиз. Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү улутчулдардын жеңишине карабай, Сербия демократиялык реформаларды жана Европа Биримдиги менен жакындашуу саясатын улантаарына ишеним билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG