Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Кербала шаарында өткөн аптада жасалган кол салууларга катышы бар адамдар кармалды


АКШ баштаган коалициянын Ирактагы аскерлери Кербаладагы окуяга тиешеси бардыгы үчүн шектелген беш адамды камакка алды. Өткөн ишембиде бул жердеги эки аскердик базада жана жергиликтүү бийликтин кеңсесине жасалган чабуулдан 19 адам, анын ичинде Болгариянын жана Таиланддын жоокерлери мерт болуп, 100 дөн ашуун адам жаракат алган. Мунун аралыгында АКШ нын атайын өкүлү Жеймс Бейкер Ирактын тышкы карыздарын жеңилдетүү максатын көздөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн учурда Кытайда жүрөт. Кытайдын алдында ал Жапонияга барды жана бул жердеги сүйлөшүүлөр үзүрлүү болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG