Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

ИРАНДЫН БАМ ШААРЫНДАГЫ ЖЕР ТИТИРӨӨ


Нарын АЙЫП, Прага Шейшемби күнү Иранда жер титирөөдөн аман калгандарды издөө аракеттери токтотулду, анткени төрт күндөн кийин урандылар алдында жаткандар түрүү калды деген үмүт калган жок. Курман болгондордун саны 30 миңге жетет деп күтүлүүдө, үч күндүн ичинде үч миңге жакын адам куткарылды.

Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Бам шаарындагы зилзала - акыркы он жыл ичинде дүйнө жүзүндө болгон жер титирөөлөрдүн эң күчтүүсү. Бардыгы болуп шейшемби күнгө карата 28 миң адам көмүлдү, алардын үч миңи ооруканаларда каза болгон. Отуз миңге жакын адам жарат алды. Зилзала жума күнү таң эрте менен болгондуктан, көп адам төшөктө уктап жатканда, ойгонбостон тиги дүйнөгө кеткен.

Өлкө президенти Мухаммад Хатаминин айтымында, Иран канча аракет кылса да, жапа чеккендердин баарына өзү жалгыз толук жардам бере албайт, ошондуктан өлкөгө дароо чет мамлекеттерден жардам келе баштады. Иранга өз куткаруучуларын биринчилерден болуп Алмания, Орусия, Швейцария жиберди, Тегеран менен дипломатиялык мамилеси жок Америка Кошмо Штаттары да көмөк көрсөттү. Иранга гуманитардык жардам менен келген америкалык аскерий учак - 20 жылдан бери өлкөгө келип конгон биринчи АКШ учагы болду, бардыгы болуп дүйнөнүн 32 мамлекетинен жардам көрсөтүлдү.

Анткен менен дүйшөмбү күнү чет өлкөлүк куткаруучулар өлкөдөн кете баштады, анткени төрт күндүн ичинде урандылар алдында жаткандар тирүү калды деген үмүт жоголду. Бирок 29-декабрда бир тамдын калдыктары астында алты айлык кыз тирүү табылды. Энеси аны бооруна кысып, эңкейип отурганда урандылар энесине тийип, ал өзү каза болгон экен, бирок өз өмүрүн берип, бооруна кыскан кызын энеси сактап калыптыр.

Байыркы Жибек жолунда жайгашкан Бам шаарынын тамдары менен итмараттарынын көпчүлүгү ылай кыштан курулгандыктан, алардын баары ураган жана шаардан дээрлик эч нерсе калган эмес. Бамдан беш чакырым алыстыктагы Берават шаарында да беш жүзгө жакын адам курман болгон. Президент Хатами өкмөттүн шашылыш жыйынын Бамда өткөрдү, шаардын аба майданы ооруканага айландырылды. өлгөндөр моргдорго батпай кеткендиктен, алардын денелери машине коюучу жайларга жана жөн эле көчөлөргө жыйылган. Алар кээде жерге аты-жөнү аныкталбастан эле көмүлүүдө.

Дүйшөмбү күнү шаарга өлкөнүн диний жетекчиси аятолла Али Хаменеи келип, курман болгондордун туугандарына көңүл айтты: "Мен терең кайгыруу менен, бүткүл жүрөгүмөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, эже-сиңди, агайын-инилерине, сүйгөндөрүн жоготкондорго көңүл айтам. Мен бүткүл Иран элине көңүл айтам".

Силкинүүнүн күчү Рихтер өлчөмү боюнча 6,3 баллга жеткен. ХХ кылымда эң күчтүү зилзала 1976-жылдын 28-июлунда Кытайда болгон, андан 600 миңге жакын киши өлгөн. 1948-жылдын 6-октябрындагы Ашхабаддагы жер титирөөдөн 176 миң адам набыт болгон, шаардын 80 пайызы кыйрап жоголгон. 1923-жылдын май айында Токиодо үч күн бою жел силкинип, андан 143 миң адам ажал тапкан. 2001-жылдын 26-январында Индиянын Гужарат аймагында күчү 6,9 баллга жектен жер титирөө болуп, жүз миңге жакын адам өлгөн, бирок алардын саны толук такталган эмес.

Кылымдын башында, 1908-жылы Италиянын Сицилия аралында жер силкингенде, 82 миң киши набыт кетиптир. 1970-жылдын 31-майында Перу мамлекетинде 7,8 баллдык силкинүү болуп, андан 50 миң адам өлгөн. 1990-жылдын 21-июнундагы Ирандагы жер титирөөдөн дагы 50 миң адам курман болгон. 1993-жылдын сентябрында Индиянын Махараштра аймагындагы зилзала 6,4 баллга жетип, 35 миң адамдын өмүрүн алып кеткен. 1978-жылы Ирандын Тебес деген жериндеги силкинүүдөн 26 миң киши өлгөн. 1988-жылдын 7-декабрында Армениянын Спитак шаарындагы жел силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткен жана андан 25 миң адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG