Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН БЮДЖЕТИ ЖЫЛДАГЫДАН КӨП БОЛГОН ЖАТАТ


Жыргалбек Касаболотов, Прага Азыркы эл аралык мамилелерде айрыкча Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун ролу абдан чоң экени жакшы маалым. Бирок бул уюмдун иш аракеттери көп жагынан анын бюджетине көз каранды. Анын чоң же кичине болушун уюмга кирген мамлекеттер чогуу чечишет. Кийинки, 2004-жыл үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун бюджети жылдагыдан бир аз көбүрөөк болгону калды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ирак менен Ооганстандагы аракетине кийинки жылга көбүрөөк акча бөлүнгөн атат. Уюмдун баш катчысы Кофи Аннан өз учурунда уюмдун бюджетин 2002-2003-жылдардагыга салыштырмалуу 0,5% көбөйтүүнү суранган, бирок ал сунуш кылган 117 жаңы кызмат орду, тескерисинче, 64 орунга чейин азайтылган.

Ошого карабастан, кийинки жылдын бюджети 1996-жылдан бери биринчи жолу нормадан ашкан бюджет болгону турат. БУУнун өкүлү Фред Экхарддын айтымында, уюмдун баш катчысы буга ыраазы. “Албетте, кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун 100% ийгиликке жетиш мүмкүн эмес, ошондуктан баш катчынын сунушуна уюмга мүчө-мамлекеттердин берген жобуна биз ыраазы болууга тийишпиз”, деди ал.

Уюмдун Башкы Ассамблеясы 3,1 млрд. долларлык бюджетти бекитип берди. Буга чейинки бюджеттин көлөмү 2,96 млрд. доллар болчу. Уюмдун бюджети ага кирген мамлекттер тарабынан каржыланат, анын ичинде жалпы акчанын 22% Америка Кошмо Штаттары, 20% Жапония камсыз кылат.

Бюджеттин 75-80% чейинки бөлүгү Бириккен Улуттар Уюмунун штатын кармап турганга жумшалат, анда иштегендердин саны жаңы 64 кызмат орду кошулган соң 9118 кишиге жетет. 191 өлкөдөн турган дүйнөлүк коомчулук Кофи Аннанга 50 жаңы кызмат ордун өзү каалагандай түзүүгө уруксат берди. Дагы 30 млн. доллар уюмдун маалымат технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жумшалат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн бюджети ушу тапта 40 млн. долларды түзсө, кийинки жылга ал 65 млн. долларга чейин көбөйтүлөт. Бул акчанын кыйла бөлүгү биринчи иретте бул өлкөдө боло турган президенттик шайлоолор үчүн жумшалат. Уюмдун Ирактагы жаңы өкүлчүлүгү кийинки жылга 45 млн. доллар алат, бирок ал мынча акчаны кандай максатка пайдаланаары азырынча так эмес. Кофи Аннан уюмдун Ирактагы штатын коопсуздук жагдайынан улам октябрда сырткары жакка көчүрүп кеткен. Эми ал Бириккен Улуттар Уюмунун бул өлкөдөгү ролун талкуулаш үчүн Ирактын Башкаруучу Кеңешинин жетекчилери жана АКШ баш болгон коалициянын башчылары менен 19-январда жолугушууну көздөп жаткан кези.

Бюджеттин бөлүгүнүн калган каражатынан 1,4 млн. доллар кылмыштуулуктун алдын алуу иштерине, 2,7 млн. доллар - адам укуктарын коргоо чараларына, 777000 доллар - экономикалык программаларга жана 946000 доллар - шаарлардын өнүгүшүнө жана башка иштерге жумшалмакчы. Бул туурасында шаршембиде БУУнун бюджет боюнча директору Уоррен Сэч билдирди. Ички жана эл аралык стандарттар жагынан алып караганда, Улуттар Уюмунун бюджети салыштырмалуу чакан деп эсептелет. Анткени, мисалы, Нью-Йорк шаарынын жылдык бюджети 44 млрд. долларга барабар, ал эми америкалык Конгресс жакында 87 млрд. долларды Ирак үчүн бөлүп берди.

XS
SM
MD
LG