Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Лойя Жирганын делегаттары жаңы конституция долбоорундагы талаштуу маселелерди добушка коюп чечүүгө аракет кылууда


Кабулда документти үч жумадан бери талкуулап жаткан делегаттар конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштарды добушка коюуну туура табышты. Ооганстандын бийликтеринин айтымында, Лойя Жирганын 500дөн ашуун мүчөсү катышып жаткан жыйындын ар бир күнү өкмөткө 50 миң долларлык чыгымды алып келүүдө. Талаштар негизинен бийликти бөлүштүрүү, исламдын коомдогу ролу жана аялдардын укуктарынын тегерегинде болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG