Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Европа Биримдигинин Брюсселдеги кеңсеси коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн жарыялады


Европа Биримдигинин Гаагадагы юстиция департаменти бүгүн жардыргыч зат менен коштолгон кат алган соңку мекеме болуп калды. Анын алдында Германиянын полициясы Европанын Борбордук банкынын президенти Жан Клод Тричетке жолдонгон катка жардыргыч заттар кошо салынганын тастыктаган. Полициянын маалыматы боюнча, кат Италиянын Болонья шаарынан жөнөтүлгөн. Ошол шаардан Европа комиссиясынын президенти Романо Проди өткөн дем алыш күндөрү алган кат жарылып кетип, ал кокустан гана жабыр тартпай калган. Дүйшөмбүдө Европа Биримдигинин Гаагадагы полициялык бөлүмүнүн директорунун дарегине жазылган каттан да голландиялык тергөөчүлөр жардыргыч заттарды табышкан.

XS
SM
MD
LG